Рейдерлик боюнча уюшкан кылмыштуу топ менен тыгыз байланышы бар жаран кармалды

  • 2 месяца мурун

Бокс боюнча эмгек сиңирген спорт чебери жана бокс боюнча улуттук курама команданын улук машыктыруучусу Н.Ж. аттуу жарандын кайрылуусу боюнча «Дордой» соода-базар комплексинин аймагында рейдерлик жол менен басып алуу менен алектенген Ы.М. аттуу жаран кармалды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынын маалыматында айтылгандай, Н.Ж. аттуу жаран 2010-жылы насыя алып, тендердин жыйынтыгы менен курулуш базарын уюштуруу үчүн «Жунхай» базарынын жанындагы 8,5 сотых жер тилкени сатып алган.

Тергөөнүн жүрүшүндө Ы.М. уюшкан кылмыштуу топ менен тыгыз байланышта болуп, алдоо жолу менен ишенимге кирип, документтерди алып, уюшкан кылмыштуу топтун колдоосунан пайдаланып, «Береке» базарын Н.Ж. аттуу жарандан мыйзамсыз тартып алган. Ошондой эле криминалдык авторитет менен туугандык байланышы бар экендигин айтып   ар дайым коркутуп келген.

Ал эми Н.Ж.  насыя боюнча пайыздарды төлөй албай, турак-жайынан ажырап, толук кандуу жашоо үчүн дээрлик каражаты жана мүмкүнчүлүгү жок калган.

Мындан улам, мүлктү мыйзамсыз тартып алуу фактысы боюнча Н.Ж. укук коргоо органдарына кайрылып, бирок эч кандай жыйынтык болгон эмес.

 Көрүлгөн чаралардын натыйжасында Ы.М. УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты