Раззаков шаарындагы өрттүн кесепетинен 16 жашар бала көз жумду    

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 6-августта, Баткен облусунун Лейлек районунун Раззаков шаарында жайгашкан Мадамин базарынан өрт чыккан.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Өрттү өчүрүүгө саат 11:24тө Лейлек районунан бир бөлүм тартылган. Өрт саат 11:55те чектөөгө алынган. Өрттүн кесепетинен жабыркаган 16 жаштагы бала тез жардам кызматына өткөрүлүп берилип, ооруканада каза болгон.

Сүрөт: Видеодон алынды

Өрттүн аянты 42 чарчы метр түздү. Өрттүн чыгуу себеби такталууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты