Раззаков шаарында жеке менчикке мыйзамсыз берилген жер мамлекетке кайтарылды

  • 1 месяц мурун

Раззаков шаарындагы Сыдыков атындагы борбордук парктын аймагындагы жалпы аянты 0,053 гектар жер тилкесин мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүп берүү фактысы аныкталды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.  

Учурда бул жерде мейманкана бизнеси жайгашкан, ошондой эле жеке менчик мектепке чейинки мекеме иштейт.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында жер тилкесинин ээси жалпы баасы 54 миллион 859 миң сомду түзгөн жер тилкесин Раззаков мэриясынын балансына өз ыктыяры менен кайтарып берген.

Раззаков шаарында жеке менчикке мыйзамсыз берилген жер мамлекетке кайтарылды
Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты