Раззаков шаардык автобекети мамлекетке кайтарылды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан «Лейлек-Автобекет» жоопкерчилиги чектелген компаниянын акционерлери 17-сентябрда Лейлек районунун Раззаков шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына өткөрүп беришти.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта белгиленгендей, автобекет Раззаков шаарындагы Дадасян көчөсү, 47Б дарегинде жайгашкан. Базар баасы 76 млн 500 миң сомду түзгөн 0,51 га жер тилкеси менен шаардык автобекетти  ыктыярдуу түрдө өткөрүп беришти.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты