Рахима Айкымбаеванын өлүмүнө күнөөлүү анын мурдагы жолдошу 15 жылга эркинен ажыратылды

  • 10 часов мурун

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 34 жаштагы Рахима Айкымбаеванын өлүмүнө күнөөлүү деп табылган анын мурдагы жолдошу К.Б.ны 15 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу ЖМКлар аталган сотко шилтеме жасап, жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, сот кылмышкердин мүлкүн конфискациялоо чечимин чыгарган. Ошондой эле Айкымбаеванын пайдасына моралдык зыяндын ордун толтуруу катары кылмышкерден 300 миң сом өндүрүлгөнү айтылды.

Эске сала кетсек, ушул жылы 3-апрелде Рахима Айкымбаева 33 жаштагы мурдагы жолдошунун колунан каза тапкан эле. Ал Рахимага балдарынын көзүнчө 27 жолу бычак сайганы айтылган. Айкымбаева ал учурда 3 баланы жалгыз тарбиялап жаткан.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты