Путиндин Валдайдагы резиденциясына жакын жерде абадан коргонуу системасы орнотулду

  • 2 месяца мурун

Орусиянын президенти Владимир Путиндин Валдайдагы резиденциясынан 3,7 чакырым алыстыктагы Рябиновый аралында  «Панцирь-С1» аталышындагы абадан коргонуу системасы орнотулду.

Зениттик комплектин спутниктен тартылган сүрөттөрүнө «Свобода» радиосу көңүл бурду.

Абадан коргонуу системасы мунарада жайгашкан. Ушундай эле системалар буга чейин Москва облусунда да байкалган. Журналисттер акыркы айларда Planet.com кызматындагы спутниктен тартылган сүрөттөрдү да изилдеп, абадан коргонуу позициясы 2024-жылдын март айында орнотулган деген бүтүмгө келишкен.

Astra ошол эле резиденциядан болжол менен үч чакырым алыстыкта абадан коргонуу системасына окшош дагы эки объект турганын жазат.

2023-жылдын январында «Агентство» басылмасы «Панцирь-С1» комплекси Путиндин Валдай резиденциясынан алты чакырым алыстыкта – Новгород облусунун Ящерово айылында орнотулганын кабарлаган. Басылма жергиликтүү тургун жөнөткөн сүрөткө, ошондой эле Ящерово жана коңшу айылдардын жашоочуларынын сөздөрүнө шилтеме жасаган.

«Панцирь-С1» абадан коргонуу системасы Путиндин Ново-Огареводогу резиденциясынан он чакырым алыстыкта да жайгашканын буга чейин «Сирена» басылмасы спутниктен тартылган сүрөттөрдөн байкаган. Кадрлар 2023-жылдын январь айынын башында тартылган. Орусиянын Коргоо министрлигине караштуу Остафьево аэродромунан болжол менен эки чакырым алыстыкта, ошондой эле Краснодар аймагындагы Путиндин резиденциясы делген жерге жакын чөлкөмдөн да бир нече абадан коргонуу системасы табылган. Буга чейин»Панцирь-С1″ Орусиянын Коргоо министрлигинин имаратынын чатырына орнотулганы айтылган.

Сүрөт: Спутниктен тартылган  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты