“Психологиялык кызмат рыногу компетентсиз адистерге толууда”. Мыйзамга өзгөртүү долбоору каралды   

  • 2 недели мурун

Бүгүн, 23-сентябрда, Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында «Жарнама жөнүндө»  мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.

Мыйзам долбоору депутаттар Бактыбек Сыдыков, Гүлшаркан Култаева жана Марлен Маматалиев тарабынан демилгеленген.

Мыйзам долбоору менен Марлен Маматалиев тааныштырды. Анын айтымынды, өзгөртүүлөр жарнаманын айрым түрлөрүн жөнгө салуу максатында иштелип чыккан.

«Учурда тиешелүү кесиптик даярдыгы жок, курс, тренинг жана консультация сыяктуу психологиялык кызматтарды көрсөткөн адамдардын санынын өсүү тенденциясы байкалууда. Натыйжада, психологиялык кызмат көрсөтүүлөр рыногу көп сандагы компетентсиз адистерге толуп баратат»  деди.

Баяндамачы кошумчалагандай, мындай кызматтарды көрсөткөн адамдар көбүнчө социалдык тармактарда өздөрүнүн кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө жарнаманы таркатышат.

«Ал жактан көбүнчө өспүрүмдөр жана жаштар, алардан квалификациясы тууралуу документтерди талап кылбастан, квалификациясы жок адистерге кайрылышат. Квалификациясыз психологдордун кызматына кайрылган адамдын психологиялык жана психикалык ден соолугуна зыян келтирүү түрүндөгү кайтарылгыс кесепеттердин алдын алуу үчүн «Жарнама жөнүндө» мыйзамды толуктоо сунушталат» деди депутат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты