Президенттин Өзбекстан сапары: Кимдер коштоп кетти?

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-июлда, мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга жөнөп кетти.

Мурда кабарлангандай, сапардын алкагында Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Сапардын алкагында мамлекет башчы Өзбекстандагы Кыргызстандын  маданият күндөрүнүн ачылыш аземине катышат.

Ташкентте Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев видеобайланыш аркылуу Сокулук районундагы кыргыз-өзбек автоунаа заводунун ишине старт берет. Бул тууралуу Kun.uz сайты билдирди.

Расмий делегациясынын курамындагылар:

— Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев;

— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

— президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

— Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев;

— Башкы прокурор Максат Асаналиев;

— билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева;

— жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруучу Азис Сапаралиев;

— маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов;

— саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев;

— транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу Абсаттар Сыргабаев;

— экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;

— эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова;

— энергетика министри Таалайбек Ибраев;

— юстиция министри Аяз Баетов;

— Президентке караштуу инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов;

— архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев;

— мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев;

— мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Алмазбек Примов;

— президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев;

— президенттнин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев;

— Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов;

— Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев;

— Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев;

— Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев;

— мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков;

— Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев.

Сүрөт: Ташкент шаары. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты