Президентти колдогон «Мекенчилдер» соттон акталып чыгышканы айтылды

  • 1 неделя мурун

«Мекенчил» партиясынын тарапташтары катары таанымал, бейбаштыкка шек саналып кармалган Руслан Самудин уулу, Азамат Марипов, Эркланбек Тагаев, Мирлан Стамов, Илимбек Истамов (Исраилов) жана Нурак Акимов сот тарабынан акталганы айтылды.

Алардын иши Бишкектин Ленин райондук сотунда 10-сентябрда каралып, сот чечими менен кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулганын Ленин райондук сотунун басма сөз кызматы «Азаттыкка» ырастады.

Чечимде: «Т.Э.Т., М.А.М., А.Н.А., С.уулу Р., И.И.К. жана С.М.С. Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси, 2-бөлүгү, 1-пункту менен угузулган айыбы айыпталуучулардын жабырлануучу менен жарашуусуна байланыштуу жана жабырлануучу айыптоону колдоодон баш тартканына байланыштуу өндүрүштөн кыскартылып, кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулушту» деп жазылгандыгы айтылат.

Сот шектүүлөрдү кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси («Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу») менен «аракетинде кылмыштын курамы жок» деген негиз менен актаган.

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине өздөрүн «мекенчилдер» деп атаган 6 адамдын камакка алынышы тууралуу мындай комментарий берген:

«Кийинки убакта мен «мекенчилмин» деген аферист, шантажчылар пайда болду. Камалгандардын арасында экөөсү шантажчы. Бирөөлөрдү шантаж кылып жеңил акча таап жан бакканга өтүп алышыптыр. Берки үчөөнү “кайсы кара теке сүздү” билбейм. Мен камалгандардын бирөөнүн шантаж кылып жүргөн смс билдирүүлөрүн, телефон чалууларын, үн жазууларын угуп, бир ай мурда чакырып эскерткем: «Эй жигиттер, минтип арам акча менен жан бакпай иштегиле, бизнес кылгыла, таза жашоого өткүлө» деп. Эми анын баарын айтып майдаланбай эле коёюн. Алардын бир туугандары жакшы билишет. Бир туугандарынын катышуусунда эскерткемин: «Эй жигит, жапжаш эле бала экенсиң. Иште, адал эмгек менен акча тап» деп.

Эгер кимде-ким мыйзамсыз иштерге барса, бирөөдөн шантаж кылып акча дооласа, коррупцияга аралашса «мекенчил» эмес, ким болсо да жоопко тартылат» деген президент.

Сүрөт-коллаж: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты