Президент жарандарды шайлоого жигердүү катышып, добуштарын сатпоого чакырды
- 22 часа мурун
Садыр Жапаров жарандырды 17-ноябрда өтө турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жигердүү катышууга жана добуштарын сатпоого чакырды. Ал бул сөзүн бүгүн, 15-ноябрда Ош облусунун жаңы түптөлгөн Жаңы-Барак айылынын тургундары менен жолугушуу учурунда айтты.
Өлкө башчы бул саясий иш-чара өлкөбүздүн алдыга жылышында маанилүү экендигин айтып, добуш берүү жарандык милдетти аткаруу эле эмес, шайлоого катышуу маданиятын да калыптандыруу экенин белгилеген.
Ошондой эле ал «жергиликтүү кеңеш деп кайдыгер карабай, жергиликтүү деңгээлдеги көйгөйлөрдү көтөрүп, элге кам көрө турган талапкерлерди колдоо зарыл» экендигин айткан.
«Мындан тышкары, Мамлекет башчысы шайлоо системасын автоматташтыруунун аркасында добуш берүү процесси ачык-айкын жана ишенимдүү болуп калганын айтты. Ал киргизилген жаңычылдыктар манипуляция жасоого тобокелдиктерди жараткан процедураларды жокко чыгарууга мүмкүндүк бергенин эске салды»,- деп айтылат Президенттин басма сөзү тараткан маалыматта.
Садыр Жапаров адилет шайлоо ар бир адамдын катышуусун талап кыларын айтып, шайлоочуларды сатып алуу аракеттерине каршы турууга чакырган.
Сүрөт: president.kg