Президент Жапаровдун Парижге иш сапары соңуна чыкты

  • 3 месяца мурун

Президент Садыр Жапаровдун 25-27-июль күндөрү Франция Республикасына болгон иш сапары аяктады.

Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат жарыяланды.  

Сапардын биринчи күнүндө мамлекет башчы “Туруктуу өнүгүү үчүн спорт. Тезирээк, бийигирээк, күчтүүрөөк — жакшы келечек үчүн бирге” аталышындагы саммиттин ишине катышты.

Иш сапардын экинчи күнүндө Садыр Жапаров Кыргызстандын Франциядагы элчилигинин жаңы имаратына барды.

320 чарчы метр аянтты ээлеген дипломатиялык миссиянын жаңы орду Париждин 16-округунда жайгашкан.

Андан соң мамлекет башчы Париж шаарында XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземине катышты. Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи Сена дарыясында өттү. Париждин белгилүү жерлеринин жанынан 85 өлкөнүн делегациясы кайык менен сүзүп өтүштү.

Кыргызстандын мамлекеттик желегин дзюдочу Эрлан Шеров жана Елизавета Печерских көтөрүп өтүштү. Салтанатка келген конокторго – чет өлкөлөрдүн лидерлери, чет өлкөлүк делегациялардын өкүлдөрү жана эл аралык уюмдардын башчыларына Франциянын маданиятын чагылдырган көркөм өнөр тартууланды.

Иш-чаранын кульминациясы — Олимпиада отунун жанышы болду.

Улуттук курама командада 16 спортчу бар, алар спорттун беш түрүндө – күрөш, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика жана бокс боюнча катышат.

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Париждеги Олимп оюндарында 28-июлда жарышка чыгып, 23-орунду ээледи.

Францияга болгон иш сапарын аяктап, президент Садыр Жапаров 27-июлда Бишкек шаарына кайтып келди.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты