Президент Жапаровдун «Манас» эпосунун күнү менен куттуктоосу

  • 2 года мурун

Мамлекет башчы бүгүн, 4-декабрда ,кыргызстандыктарды «Манас» эпосунун күнү менен куттуктады.

-Сиздерди улутубуздун улуу байлыгы жана дөөлөтү болгон „Манас“ эпосунун күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Тарыхына сыймыктанган ар бир эл өзүнүн адабий жана маданий мурасын аздектеп, аны даңазалоонун жүгүн көтөрөт. Ошол мурас, ошол дөөлөт бара-бара ошол элдин улуттук ураанына, руханий эн тамгасына айланып, дүйнөгө таанылат. Кыргыз элинин маңдайына бүткөн, таалайына жаралган байыркы „Манас“ дастаны бүгүнкү күндө дал ошондой милдетти аркалап келет, -деди Садыр Жапаров.

Андан ары мамлекет башчы бул багыттагы аткарыла турган иштерге токтолуп кетти:  

-Ааламдашуу маалында улуу эпопеябызды жаңы шартта иликтеп-изилдеп, чечмелеп, элибиздин калың катмарына жеткирип, андагы түбөлүктүү көөнөрбөс идеалдарды, баалуулуктарды жаштарыбыздын аң-сезимине сиңирүүбүз зарыл. Тамырына жана дилине ата-бабаларынын демин каткан муун гана Мекен, эл-жер үчүн күйө билип, аны көздүн карегиндей сактоону ыйык парз деп билет. Бул улуу сезимди көкүрөгүнө уютуп алып жүрөт.

Өлкө тарыхында биринчи жолу „Кыргыз мамлекеттик ‚Манас‘ театрынын“ түптөлүшү мыкты саамалык болду. Бул театр „Манас“ дастаны менен катар башка кенже эпосторду жана айтуучулук өнөрдү сактоо, жайылтуу жана даңазалоо милдетин аркалоого бел байлап отурат.

Мындан сырткары, эпостун негизинде көп сериялуу кинофильмдерди, балдар үчүн анимациялык тасмаларды тартып, „Манастын“ ыр, кара сөз түрлөрүндөгү варианттарын түзүп, аларды дүйнөнүн негизги тилдерине которуп, таркатып, пропагандалоону колго алуу зарыл. „Илиада“ жана „Одиссея“, „Рамаяна“ жана „Махабхарата“ сыяктуу оозеки мурастардын керемет эстеликтериндей эле, биздин „Манас“ дагы дүйнөнүн бардык илимий мекемелеринин, окуу жайларынын китепканаларында турушу керек.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты