Президент Жапаров: “Өзгөн айланма жолун салып жаткан Таймураска ыракмат эле айтпайлыбы”

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде Өзгөндөгү айланма жол Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас тууралуу суроого жооп берди.

“… бир дагы компания же жеке жактар мен салам деп келген жок. Анткени жол өзүн-өзү узак убакытта актайт. Ал эми Өзгөн айланма жолун салып жаткан Таймураска ыракмат эле айтпайлыбы. Акчасы бар адамды издеп, инвестор таап келип, салып жатканына ыраазы болушубуз керек. Таймурас эгер мамлекетке зыян келтире турган болсо, өзү ачкан компанияны киргизмек беле? Андай боло турган болсо бат эле билинип каларын жакшы билет. Мамлекетке пайда келтирип жатканы үчүн ишенимдүү түрдө киришип жатат да” деди президент Садыр Жапаров.

Мамлекет башчы Өзгөн айланма жолу тууралуу буларга токтолду:

-Өзгөн айланма жолун эле эмес, өлкө боюнча бир топ жолдорду жеке менчик жактарга бергенге даярбыз. Эгер кимде-ким “мен салам” десе, бүгүн бергенге даярбыз. Алар кайсы жолдор: Суусамыр – Арал Түндүк – Түштүк альтернативдүү жолуна чейин 115 км, Алматы – Кемин – Ысык-Көл – 150 км, Бишкек – Кемин айланма жолу – 105 км, Кыргызстандын аймагындагы Кара-Булак айылына (Кемин району) чыгуу менен пландалган Алматы – Узынагаш – Каракастек – Сураншы-Баатыр – Кастек – Карасай-Баатыр автомобиль жолунун жалпы узундугу 88,4 км, Ош шаарынын айланма жолу – 35 км, Ноокатта 12 км жол. жана башка дагы бир топ жолдорду бергенге даярбыз” деди президент.

“Таймурас дагы муктаж адамдарга үйлөрүн куруп берип, жетим-жесирлерге жардам берип жүргөнүн көрүп жүрөбүз. Кечээ жакында селдин кесепетинен улам, үйү жараксыз болуп калгандарга үй салып берип жатат” деди.

Иликтөөчү журналист Болот Темиров жакында жарыялаган иликтөөсүндө Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурс Ташиев Өзгөндөгү айланма жолдун ээси экенин айтып чыкты.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты