Президент Жапаров Татарстанга БРИКС саммитине катышууга жөнөп кетти

  • 1 день мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-октябрда, XVI БРИКС саммитинин мамлекет башчыларынын жыйынына катышуу үчүн иш сапары менен Татарстандын борбору Казань шаары жөнөп кетти.

Бу тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.

Расмий делегация курамында- президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев.

Алдыдагы жыйында көп тараптуулукту чыңдоого, бирикменин жаңы мүчөлөрүн интеграциялоого жана глобалдык күн тартибине багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынары айтылган.

БРИКС бирикмесин 2006-жылы Brazil, Russia, India, China, South Africa — Бразилия, Россия, Индия, Китай Түштүк Африка демилгелеген, уюмдун аталышы аталган мамлекеттердин баш тамгасынан алынып аталган.  

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты