Президент Жапаров таштанды терди жана жаратылышка аяр мамиле жасоого чакырды

Президент Садыр Жапаров кыргыз жери кооз экенин, ага аяр мамиле жасап, эс алгандан кийин таштанды таштабоого чакырды. Президенттин жаратылышта таштанды терип жүргөн видео тасмасы Фейсбук баракчасында жайгаштырылды.

“Жаратылышыбызга аяр мамиле жасап, бири-бирибизди көзөмөлдөп, тарбиялап, бири-бирибизге үлгү бололучу. Башка жактан келип бирөө жарым жаратылышыбызды тазалап бербейт. Бир күн менен жашабайлычы. Эртең балдарың, бүрсүгүнү неберелериң келип эс алат го акыры” деп жазды Садыр Жапаров Фейсбук баракчасында.

Мамлекет башчы эс алуучулар таштап  кеткен таштандыны кайсы жерден жыйнап жатканы айтылган жок.

Сүрөт: президенттин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты