Президент Жапаров ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын жыйынында сөз сүйлөдү  

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-июлда Астана шаарында ШКУга мүчө-мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынында сөз сүйлөдү.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, мамлекет башчы кабыл алынып жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун «Адилеттүү тынчтык жана ынтымак үчүн дүйнөлүк биримдик жөнүндө» демилгеси, ошондой эле ШКУ мамлекет башчыларынын кеңешинин «Ынак коңшулук, ишеним жана өнөктөштүк принциптери жөнүндө» билдирүүсү ШКУнун туруктуу, коопсуз жана гүлдөп-өнүккөн аймагын курууга болгон жалпы умтулуубузду толугу менен чагылдырарын баса белгиледи.

Садыр Жапаров терроризм, киберкоркунучтар жана эл аралык кылмыштуулук сыяктуу учурдагы глобалдык көйгөйлөр кылдат көңүл бурууну жана биргелешип иштөөнү талап кыларын жана Бишкек шаарында эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча борборду түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын сунуштаган демилгеси маанилүү экенин айтты.

Президент өз сөзүндө соода-экономикалык байланыштар маселелеринде өз ара пайдалуу өнөктөштүк мамилелер экономикалык глобалдашуу шартында ШКУга мүчө өлкөлөрдүн туруктуу экономикалык жана финансылык бакубаттуулугунун негиздеринин бири болуп саналарына басым жасады.

Президент Кыргызстан 2025-жылы Бишкек шаарында ШКУ жаштарынын санариптик форумун өткөрүүнү пландап жатканын билдирип, бул иш-чара ШКУга мүчө-мамлекеттердин санариптик технологиялар жана жаштар саясаты жаатында регионалдык кызматташтыгын бекемдөөгө олуттуу салым кошот деген ишенимин айтты.

Садыр Жапаров Кыргызстан эл аралык автомобилдик ташуулар жана транспорт жаатындагы башка документтер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жөнүндө ШКУга мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашуунун практикалык ишке ашыруусун жактай турганын белгиледи.

Президент өз сөзүндө экологиялык коопсуздук жана туруктуулук маселелерине өзгөчө көңүл бурду.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты