Президент Жапаров Рим папасы Франциск менен жолугушат  

  • 5 дней мурун

Садыр Жапаров 2-4-октябрь күндөрү Италия жана Ыйык Тактыга (Ватикан) расмий сапар менен барат.

Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 3-октябрда президент Садыр Жапаровдун Италиянын президенти Серджо Маттарелла, Министрлер кеңешинин төрагасы Жорж Мелони, депутаттар палатасынын төрагасы Лоренцо Фонтана жана Сенат төрагасы Иньяцио Ла Русса менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландаштырылган. 4-октябрда Садыр Жапаровдун Рим Папасы Франциск менен жолугушуусу болот.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты