Олимпиада оюндарына катыша турган Кыргызстандын курама командасын узатуу аземи өттү  

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-июлда, алдыда боло турган ХХХІІІ жайкы Олимпиада оюндарына лицензия жеңип алган спортчулар менен жолугушуп, Кыргызстандын курама командасынын капитаны Акжол Махмудовго мамлекеттик тууну тапшырды.

Садыр Жапаров эгемендик жылдар аралыгында өлкөбүз жалпы 7 Олимпиада медалын: 3 күмүш жана 4 коло жеңип алганын эске салды. Алардын баары жайкы Олимпиадаларда жетишилген ийгиликтер болгон. Сиднейде дзюдочу Айдын Смагулов коло медаль, Пекинде балбандар Канат Бегалиев күмүш, Руслан Түмөнбаев менен Базар Базаргуруев коло медалдарды жеңип алган.

Кечээ жакынкы жылдары эле Токиодогу Олимпиадада Айсулуу Тыныбекова жана Акжол Махмудов күмүш медалдарды, Мээрим Жуманазарова болсо коло медалдарды жаркыратып тагынып келишкен.

Олимпиадага Кыргызстандын спортчулары спорттун беш түрүнөн: күрөш, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика жана бокс боюнча жалпы 16 лицензияга ээ болгон

“Бүгүн бул жерде үч жылдан бери кайрат-күчүн жыйып, талап кылынган тартипти катуу сактап, өжөрлөнө машыгып, акыры Кыргызстандын намысын коргоо укугуна ээ болгондор чогулуп отурушат. Дегеле соңку жылдары өлкөбүздө спорт жаатында күчтүү жаш муун өсүп келатат. Биздин спортчуларыбыздын келечеги али алдыда!” деп белгиледи Садыр Жапаров.

Президент өз сөзүндө, жаштарды патриоттуулукка тарбиялоодо бекем пайдубал болгон спорттун маанисин өлкө жетекчилиги абдан жакшы түшүнөрүн айта кетти.

“Биз мындан ары да дене тарбия жана спорт менен машыгууга бардык шарттарды түзүп берүүгө бүт аракетибизди жумшайбыз” деди Садыр Жапаров.

Иш-чаранын аягында Президент Садыр Жапаров улуттук курама команданын капитаны, атактуу балбан Акжол Махмудовго Кыргызстандын мамлекеттик желегин тапшырды.

Олимпиада оюндарына катыша турган Кыргызстандын курама командасын узатуу аземи өттү  
Олимпиада оюндарына катыша турган Кыргызстандын курама командасын узатуу аземи өттү  
Олимпиада оюндарына катыша турган Кыргызстандын курама командасын узатуу аземи өттү  
Олимпиада оюндарына катыша турган Кыргызстандын курама командасын узатуу аземи өттү  
Олимпиада оюндарына катыша турган Кыргызстандын курама командасын узатуу аземи өттү  

Олимпиадага жолдомо алгандар: Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, Амантур Исмаилов, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жусупбеков, Бекзат Алмаз уулу, Эрназар Акматалиев, Айаал Лазарев жана сууда сүзүүдөн Денис Петрашов, теги якутиялык, 2023-жылдан бери Кыргызстандын атынан чыгып келе жаткан орусиялык жеңил атлет Сардана Трофимова, дзюдочу Эрлан Шеров.

Олимпиада оюндары Франциянын борбору Париж шаарында 26-июлдан 11-августка чейин өтөт.

Сүрөттөр: president.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты