Президент Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров кечээ, 3-июлда, Астана шаарында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту.

Мамлекет башчылары кыргыз-кытай эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, жогорку деңгээлдеги келишимдерди ишке ашыруунун жүрүшүн жана ар кыл чөйрөлөрдөгү биргелешкен долбоорлорду талкуулашты.

Кытай — Кыргызстандын негизги соода жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири, жылдан жылга эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн өсүшүнүн оң динамикасы байкалууда.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров «Бир алкак — бир жол» демилгесинин негизги түзүүчүсү болгон «Кытай-Кыргызстан — Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун белгилеп, анын өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын жана өнүгүүнүн символу катары маанисин баса белгиледи.

Ал өз сөзүндө «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жол долбоорун биргелешип жылдырууда үч тараптуу Өкмөттөр аралык келишимге кол коюу менен долбоордун саясий этабы ийгиликтүү аяктаганына басым жасады, эми кийинки кадам – кыйла деталдуу коммерциялык келишимди бекитүү.

Президент Садыр Жапаров быйыл кыргыз-кытай чек арасында жаңы «Бедел» өткөрмө пунктун ачуу жана андан кийин «Барскоон-Үчтурфан-Аксу» автожолунун курулушу боюнча да маселени козгоду. Ал «Бедел» өткөрмө пунктунун ачылышы Кытай өкмөтүнүн 2024-жылга карата планына киргизилгенин, эми кытай тараптын ички процедураларынын аякташы күтүлүп жатканын канааттануу менен белгиледи.

Ошону менен бирге Садыр Жапаров Кыргызстандын профилдик ведомстволору биргелешкен изилдөөлөрдүн жүрүшүндө эки өлкөнүн жумушчу топтору макулдашкан «Барскоон-Үчтурпан-Аксу» автожолунун каттамынын техника-экономикалык негидемелерин түзүүнүн үстүндө иштеп жатканын кошумчалады.

Өз кезегинде Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин белгилегендей, Кытай өнүккөн Кыргызстанга кызыкдар жана жүргүзүлүп жаткан реформаларда өлкөнү колдойт. Кытай тарап Кыргызстан менен бардык багыттар боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкты бекемдөөгө даяр.

Ошондой эле ал өз ара сооданы эки эсеге көбөйтүүнүн маанилүүлүгүн жана Кыргызстандан экологиялык таза продукцияны импорттоо үчүн Кытай рынокторунун ачык экендигин белгиледи.

Өз ара товар жүгүртүүнүн көлөмү жылдан жылга көбөйүп, 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча 20 млрд долларга жакынды түзөт, соода-экономикалык көрсөткүчтөрдү жогорулатууга күч-аракет жумшоо маанилүү.

Ошону менен бирге Кытайдын лидери эки өлкө ортосундагы авиакаттамдардын саны көбөйгөнүн канааттануу менен белгилеп, Ош — Кашгар авиакаттамынын ачылышын колдоого даяр экендигин айтты. Мындан тышкары, Си Цзиньпин Кытай менен Кыргызстандын ортосунда жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуу пандемияга чейинки мезгилге жеткенин белгилеп өттү.

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоору тууралуу айтып жатып, КЭР лидери жакында бул долбоорду биргелешип жылдырууда кызматташуу жөнүндө үч тараптуу өкмөттөр аралык макулдашууга кол коюу укуктук негиз түзгөнүн белгиледи.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты