Президент Жапаров Кветта шаарындагы терактка байланыштуу көңүл айтты
- 5 дней мурун
Президент Садыр Жапаров Пакистандын Президенти Асиф Али Зардариге жана өлкөнүн премьер-министри Шахбаз Шарифке Кветта шаарындагы темир жол вокзалында болгон терактка байланыштуу көңүл айтты.
Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат жарыяланды.
“Пакистандын Кветта шаарында террордук актынын кесепетинен күнөөсүз адамдар курман болду жана жабыр тартты деген суук кабарды чоң кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасы терроризмди жана анын жалпы тынчтыкка жана туруктуулукка коркунуч туудурган бардык түрлөрүн кескин түрдө айыптайт. Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жалпы боордош Пакистан элине терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм жана жабыр тарткандардын тез арада айыгып кетишин тилейм” деп айтылат телеграммада.
Пакистанда темир 9-ноябрда жол бекетиндеги жардыруунун кесепетинен кеминде 25 киши каза тапты, 40тан ашык киши жаракат алды. Маалыматка караганда, Белужистан провинциясынын административдик борборунун Кветта шаарында темир жол бекетинде бомба жарылган. Бул окуя теракт катары сыпатталууда.
Сүрөт: Пакистандагы жарылуу. Reuters