Президент Жапаров Келечек саммитинде Кыргызстан “жашыл экономикада” ийгиликке жетишкенин айтты

  • 2 недели мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-сентябрда, Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагында өтүп жаткан Келечек саммитинде сөз сүйлөдү.

Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.

“Бүгүнкү күндө дүйнөлүк коомчулук көптөгөн кыйынчылыктарга туш болууда: аргасыз мигранттардын санынын өсүшү, климаттык коркунучтардын күчөшү, ошондой эле ресурстардын жана байлыктардын адилетсиз бөлүштүрүлүшү. Биз жетишкен ийгиликтер көбүнчө коомдун аялуу катмарларына жетпейт. Көп тараптуу башкаруубуз үчүн адилеттүүлүккө таянган жаңы ыкмалар керек. Ошондуктан тез арада чечкиндүү аракеттерди башташыбыз керек – күтүп олтуруунун убактысы бүттү. Кыргыз Республикасы бул улуу ишке өз салымын кошууга даяр. Биз кабыл алып жаткан Келечек Пактын колдойбуз.

Биз ошондой эле Келечек муундар жөнүндө Декларацияны кабыл алууну колдойбуз, анткени дал ошол кийинки муундар биздин бүгүнкү чечимдерибиздин жүгүн өз мойнуна алышат” деди Садыр Жапаров өз сөзүндө.

Президент ошондой эле Кыргызстан бир катар  ийгиликтерге жетишкенин айтып өттү:

“Биз өтө жакырчылыкты жоюуда, инфраструктураны өнүктүрүүдө жана санариптештирүүдө, ошондой эле “жашыл” экономикага өтүүдө олуттуу ийгиликтерге жетиштик. Туруктуу өнүгүү максаттарды аткарууда биздин тажрыйбабыз көрсөтүп тургандай, туура көз караш жана саясий эрк менен, чектелген ресурсу бар чакан өлкөлөр да аткара аларын көрсөттү” деди Садыр Жапаров.

Президент Жапаров Келечек саммитинде Кыргызстан “жашыл экономикада” ийгиликке жетишкенин айтты

Сүрөттөр: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты