Президент Жапаров: “Карусель” жана бюллетенди массалык таштоо жокко чыгарылды”
- 6 часов мурун
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-ноябрда, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо борбордогу №1046 шайлоо участогунда добуш берди.
Добуш берүүдөн кийин президент жарандарга кайрылып, өлкөдөгү шайлоо системасы ачык-айкын болуп калганын белгиледи.
“Биз шайлоо системасын автоматташтырдык. Мында добуштарды санай турган адам фактору жок. Шайлоо аяктагандан кийин жыйынтыгы 20 минут, жарым сааттын ичинде республика боюнча чыгып калат. Шайлоого катышкан жаран бир сутканын ичинде кайра башка участокко барып добуш бере албайт. Илгерки “карусель” жана бюллетендерди массалык түрдө урнага таштоо дегендер жокко чыгарылды” деди.
Мамлекет башчысы жарандарды шайлоого активдүү катышууга чакырып, 18 жаштан 100 жашка чейинки ар бир адам добуш берүүгө укуктуу экенин эске салды.
“Ал мен үчүн эмес, өзү үчүн добуш берет, анткени ошол шайланган депутат беш жыл бою шайланган аймактын маселесин чечет. Жергиликтүү бюджетти ошолор карайт, башкарат. Эгерде коррупционерди, добуш сатып алганды шайласа, анда жергиликтүү бюджет уурдалат. Биз башкаруу системасын өзгөрттүк, реформаладык, ошондуктан азыр таза иштеген, татыктуу жарандарды тандоо маанилүү” деп белгиледи.
Бүгүн, 17-ноябрда, өлкөдө жергиликтүү кеңештеге шайлоолор өтүп жатат.
Сүрөт: president.kg