Президент Жапаров Италиянын президенти Серджо Маттарелла менен жолугушту

  • 2 дня мурун

Садыр Жапаров бүгүн, 3-октябрда, Римде Италиянын президенти Серджо Маттарелла менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат берилди.

Анда айтылгандай, Италиянын президенти Кыргызстан менен Италиянын өз ара аракеттенүү маселелерине токтолуп, эл аралык мамилелер системасын чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Садыр Жапаров бул жолугушуу Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы акыркы 25 жыл ичиндеги биринчи жогорку деңгээлдеги жолугушуу болуп саналарын айтты. Буга чейин мамлекеттер аралык байланыштар БУУ жана ЕККУ багыты боюнча иш-чаралардын алкагында тышкы иштер министрлеринин деңгээлиндеги байланыштар менен гана чектелип келген.

Садыр Жапаров бүгүнкү жолугушуу жана жалпысынан Италияга болгон расмий сапары кыргыз-италиялык мамилелердин тарыхында жаңы баракты ачат деген ишенимин билдирди. Ал өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн потенциал абдан чоң экенин айтты.

Президент Кыргызстан Италия жана жалпы Европа Биримдиги менен саясий диалогду жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин баса белгиледи.

Ошондой эле тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер тууралуу пикир алмашты.

Президент Садыр Жапаров Серджо Маттарелланы өзүнө ыңгайлуу учурда Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты