Президент Жапаров Францияда жайкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышат  

  • 2 месяца мурун

Садыр Жапаров Франциянын президенти Эмманюэль Макрондун чакыруусу менен 25-27-июлда Францияга иш сапар менен барат.

Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. 

“Алдыда боло турган сапардын алкагында 25-июлда президент Садыр Жапаровдун “Туруктуу өнүгүү үчүн спорт. Тезирээк, бийигирээк, күчтүүрөөк  — жакшы келечек үчүн бирге” аталышындагы Париж саммитине катышуусу пландалган. 26-июлда Садыр Жапаров XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземине катышат” деди ал.

Олимпиадага Кыргызстандын спортчулары спорттун беш түрүнөн: күрөш, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика жана бокс боюнча жалпы 16 лицензияга ээ болгон.

Олимпиада оюндары Франциянын борбору Париж шаарында 26-июлдан 11-августка чейин өтөт.

Сүрөт:  Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты