Президент Жапаров Эр-Риядда Ислам саммитине катышат

  • 4 дня мурун

Президент Садыр Жапаров 10-ноябрда Ислам саммитине катышуу үчүн Эр-Рияд шаарына барды. Бул тууралуу президенттин сайтына жарыяланды.

Мамлекет башчынын борту Эр-Рияд шаарынын падыша Халид атындагы эл аралык аэропортуна конду.

Президент Жапаровду Эр-Рияд провинциясынын губернаторунун орун басары Мухаммад бин Абдурахман аль Сауд жана башка расмий адамдар тосуп алды.

Иш сапардын алкагында Президент Садыр Жапаров Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин кезексиз Ислам саммитине катышат, анын жүрүшүндө Палестина жана түштүк Ливан, ошондой эле жалпы эле Жакынкы Чыгыш аймагындагы учурдагы кырдаалды талкуулоо пландаштырылууда.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты