Президент Жапаров БУУда куралдуу керектөөлөргө чыгымды азайтуу тууралуу билдирди  

  • 2 недели мурун

Президент Садыр Жапаров  24-сентябрда Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөдү.

«Мен биздин доордун карама-каршы эки чындыгына көңүлүңүздөрдү бургум келет. Биринчи чындык – бул куралдуу керектөөлөргө болгон чексиз чыгымдар. Стокгольмдогу Эл аралык тынчтык изилдөөлөр институтунун маалыматы боюнча, 2023-жылы дүйнөлүк куралдуу чыгымдар 6,8% өсүп, рекорддук 2,5 триллион долларга жеткен, же глобалдык Ички дүң өндүрүшүнүн 2,3% түзөт” деди президент.  

“Экинчи чындык – бул жакыр жана аялуу мамлекеттерге жардам берүүдө прогресстин жоктугу” “Курал-жаракка кеткен чыгымдардын ылдам өсүшүнүн фонунда бул мамлекеттерге жардам жетишсиз бойдон калууда. Гуманитардык жардам көрсөтүү жана өнүгүүгө көмөктөшүү программалары көп учурда каржылык тартыштыкка туш болуп турганда бул ресурстар курал-жарак сатып алуу жана аскердик операцияларды жүргүзүү үчүн колдонууда”  деп айтты президент Жапаров.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты