Президент Жапаров БУУ башкы катчысы Антониу Гутерриш менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-июлда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антониу Гутерриш менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат берилди.

Маалыматта айтылгандай, президент БУУнун ишмердүүлүгү планетадагы бардык адамзат үчүн тынчтыкты жана гүлдөп-өнүгүүнү сактоого, глобалдык социалдык-экономикалык жана климаттык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталганын айтып, быйыл сентябрь айында Нью-Йоркто Келечек саммитти өткөрүү боюнча демилгени колдой турганын билдирди.

Садыр Жапаров өлкөнүн мамлекеттик саясатынын негизи болуп калган БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарын жигердүү ишке ашырып келүүдө жана алар Кыргызстанды өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү улуттук стратегиясына киргизилгенин айтып өттү.

Алар — 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында туруктуу өнүктүрүү чөйрөсүндөгү кызматташуу боюнча БУУнун алкактык программасы, эки жылдык биргелешкен иш планы.

Туруктуу өнүгүү максаттарын каржылоонун комплекстүү улуттук механизмдери кабыл алынган, ошондой эле туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу боюнча жогорку деңгээлдеги кеңеш түзүлдү.

Кыргыз Республикасы БУУга 166 мүчө мамлекеттин ичинен 45-орунду ээлеп Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырууда олуттуу ийгиликтерге жетишти. Садыр Жапаров өз сөзүндө Кыргызстан 2030-жылга чейин алдыңкы 30 өлкөнүн катарына киребиз деген амбициялуу максатты койгонуна басым жасады.

Садыр Жапаров Борбордук Азиянын энергетикалык системаларын Түштүк Азия менен байланыштырууга багытталган ири СASA-1000 долбоорун жана катышуучу өлкөлөрдүн ортосунда тезирээк жана натыйжалуу соода жүргүзүүгө, экономикалык өсүштү стимулдаштырууга көмөктөшө турган — Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун ишке ашыруу боюнча жакынкы пландарды айтып өттү.

Өз кезегинде БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш Президент Садыр Жапаровго жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, буга чейин Кыргызстанга болгон бир нече иш сапарларында азыркыдай динамизмди көрбөгөнүн белгиледи.

Антониу Гутерриш бардык жаралган маселелер дипломатиялык жол менен чечилип жатканын эске алганда, бүгүнкү күндө Кыргызстан тынчтыктын

Ошону менен бирге ал Кыргызстандын бардык милдеттенмелерин аткарганы үчүн ыраазычылык билдирди. Антониу Гутерриш Кыргыз Республикасы башка өлкөлөр үчүн үлгү экенин жана БУУ өлкөдө жүргүзүлүп жаткан бардык реформаларга ар дайым колдоо көрсөтүүгө даяр экенин баса белгиледи.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты