Президент Жапаров Бельгияга сапар тартты. Кимдер коштоп кетти?

  • 3 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-июнда, Бельгияга иш сапары менен учуп кетти.

Сапардын алкагында, 24-26-июнда мамлекет башчы Бельгиянын Королу Филипп менен жолугушат. Ушул эле күнү президент Европа Кеңешинин Президенти Шарль Мишель менен расмий жолугушуусу өтөт.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстандын Европа биримдиги жана Бельгия менен соода-экономикалык кызматташуусунун учурдагы абалы жана келечеги талкууланат. 

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы:

— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

— Президенттин администрациясынын президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги Азамат Кадыралиев;

— Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүм башчысы Муратбек Азымбакиев;

 — Кыргызстандын Бельгия, Нидерланды жана Люксембургдагы элчиси ишин айкалыштыруу менен Кыргыз Республикасынын Европа Биримдигиндеги туруктуу өкүлү Айдит Эркин;

— транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев;

— экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;

— финансы министринин орун басары Руслан Татиков.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты