Президент Жапаров Бельгияга иш сапары менен барат

  • 3 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров 24-26-июнда Бельгияга иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

«Мамлекет башчысы 25-июнда Бельгиянын королу Филипп менен жолугушат. Ушул эле күнүпПрезидент Садыр Жапаровдун Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель менен расмий жолугушуусу өтөт.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстандын Европа биримдиги жана Бельгия менен соода-экономикалык кызматташуусунун учурдагы абалы жана келечеги талкууланат. 

Сапардын жыйынтыгы боюнча эки жактуу биргелешкен документтерге кол коюу күтүлүүдө» деп билдирди Азымбакиев.

Сүрөттө: Бельгия. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты