Президент Жапаров Астанада Германиянын бизнес өкүлдөрү менен жолугушту

  • 2 дня мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда, Астана шаарында Германиянын бизнес-делегация өкүлдөрү менен иштиктүү жолугушуу өткөрдү.

Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат берилди.

Маалыматта белгиленгендей, президент бизнес секторун мамлекет тарабынан колдоого алынган чаралардын натыйжасында Кыргызстанга түз чет элдик инвестициялардын келиши көбөйүп жатканын канааттануу менен белгилеп, быйыл Германия чет элдик инвестициялардын келиши боюнча беш өлкөнүн катарына кирерин айта кетти.

Садыр Жапаров бизнес-делегация мүчөлөрүнүн көңүлүн кыргыз тарап менен гидроэлектрстанцияларды куруу жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү, ошондой эле логистика тармагында кызматташуунун потенциалына бурду жана Германиянын логистикалык компанияларына Кыргызстандагы стратегиялык долбоорлорду ишке ашырууга катышууну сунуштады.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты