Президент Жапаров: “Аспеков, Темиров дегендердин жалаалары мага чымын чаккандай да болбойт”
- 3 дня мурун
Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде Мелис Аспековдун социалдык тармактардагы айткандарына жана «Темиров» лайв жана «Клооптун» соңку иликтөөсү боюнча жооп берди.
— Ооба, жооп да бербейм, көңүл да бурбайм дегем. Ар бир “үрүп чыккан иттерге” көңүл бура берсең жетчү жериңе жетпей каласың. Мамлекеттин иши менен алек болбой эле ар бир аферистке жооп берип олтурсам, анда кантип мамлекетти саздан сууруп чыгам? Ошондуктан жолумдан “үрүп чыккан” анча-мынча “иттерге” көңүл бурбай, баш көтөрбөй иштей беришим керек. Жыйынтыгына эл жана тарых баа берет.
Элдин баарына 100 пайыз жакпайсың. Анча мынча терс сүйлөгөн адамдар сөзсүз болот. Жакшы иштерди көрүп турса да көргүсү келбегендер бар. Эң негизгиси көпчүлүк эл колдоп турса болду. Көздөгөн максатыбызга жетебиз. Дүйнө жүзү боюнча 30 өнүккөн өлкөнүн катарына кошулабыз” деди Садыр Жапаров.
Ал эми Канышай, Сабыр дегендериң — алар “үрүп чыккан иттердин” бири
Ошондой эле мамлекет башчыдан маек алган журналисттин Аспеков боюнча комментарийлер ажого катуу тийди деп комментарий беришүүдө деген суроого мындай жооп берди:
— Саясат менен иши жок адамдар сөз кылса да “Ии, Аспековдун апыртмасына ишенип алыптыр” дейт элек, бирок белгилүү эле журналисттер Сабыр Муканбетов, Канышай Мамыркулова “Мамлекет башчыга көө жабылды, оор айып тагылды, Темиров менен Аспековдун айыптоолору ажого катуу тийди” деп комментарий беришүүдө. Чындап эле сизге ушул билдирүүлөр катуу тийип жатабы?
— Аспеков, Темиров дегендердин жалаалары мага чымын чаккандай да болбойт. Жооп да бербейм. Эмне кылам аларга убактымды коротуп, жооп берип. Чындык ким тарапта экенин эл өзү талдап алат.
Ал эми Канышай, Сабыр дегендериң — алар “үрүп чыккан иттердин” бири. Аларга көңүл бурбай эле койгула. Алар мамлекетте болуп жаткан жакшылыктарды, өнүгүүнү көрө албаган кыргыз элинин душмандары. Тыштан каржыланган “котур ташы койнундагылар”. Алар өлкөдө ызы чуу, баш аламан болуп турса, чөнтөгү кампайып, курсагы тоюп, көңүлү көтөрүлүп турган немелер,-деди президент Садыр Жапаров.
Президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Мелис Аспековдун айткандарына жооп кылып, ал Райым Матраимовдон 3 млн доллар алган, бирок Садыр Жапаровго берген эмес деген пикирин Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.
«Мелис Аспеков видеолорунда чындыкты жарым жартылай айтып атат. Ал чындап эле Райым Матраимовдон 3 миллион доллар алган. Бирок Садыр Жапаровго да, башкасына да берген эмес. Райым Матраимов Мелис Аспеков андан алган акчаны эч кимге бербей, өзүнө алганын, Садыр Жапаров эч кимден акча талап кылбаганын жана өзүн Мелис алдап кеткенин билип калып “Мелис акчаны кайра кайтаргын” деп Аспековдон акчасын доолай баштаган. Ал кезде Матраимов да камала элек, мыйзамдагы ууру аталган кримавторитет Камчы Көлбаев да тирүү болчу. Алардан коркуп, өзүн акташ жана жанын сакташ үчүн Мелис Аспеков “акчаларды Садыр Жапаровго бердим” деген өлармандык сценарийди ойлоп тапкан” деп жазды Орунбеков.
Активист Тилекмат Куренов өзүнүн Фейсбук баракчасына камакта жаткан Мелис Аспековдун видеолорун жүктөп турган. Анда камактагы Мелис Аспеков «Райым Матраимовдон Садыр Жапаров мен аркылуу 1,5 млн. доллар алганы бул 100% чындык жана башкалар аркылуу дагы 1,5 млн доллар алган деп уктум» деп, ошондой эле Садыр Жапаров шайлоого Сооронбай Жээнбековдон 10 млн. $ алган жана «Камчы Көлбаевди Садыр Жапаров эмне үчүн өлтүргөн деген үч бөлүктөн турган видеокайрылуу жасаган.
Андан кийин Тилекмат Куреновдун Фейсбук баракчасы аркылуу Мелис Аспеков дагы үч — жалпысынан алты видеокайрылуу жасады. Садыр Жапаров «Кумтөрдөн» кантип акча тапкан деген, «Жерүйдү» кантип өткөрүп берди деп, Баткендеги кагылышуу ж.б. тууралуу айтып берген.
31-октябрда «Клооп» менен «Темиров лайв» биргеликте «Тигүү падышалары. Мадина базарын президенттин достору менен туугандары кантип басып алышкан» деген аталыштагы иликтөө жарыялашкан. Иликтөөдө журналисттер азыркы учурда бул базар мурдагы контрабанда падышасынын уулу Хабибулла Абдукадырга таандык экенин, ал президенттин уулу Рустам Жапаровдун достору менен бизнес жүргүзөрүн аныкташкан.
Сүрөт: president.kg