Президент Жапаров Акаевдин макамын кайтарып берүү өтүнүчүнө өз пикирин билдирди

  • 2 недели мурун

Мурдагы президент Аскар Акаевдин экс-президент макамын кайтарып берүү өтүнүчү менен Жогорку Кеңешке кайрылышына байланыштуу президент Садыр Жапаров пикирин билдирди. Анын 5-сентябрда “Кабар” агенттигине берген маегинде айтканына караганда, Акаев бул боюнча кеңешкен эмес.

Ал Аскар Акаевди “Кумтөр” маселеси боюнча суракка келгенде эки жолу, андан кийин Дубайда өткөн мурдагы президенттердин жолугушуусунда бир ирет көргөнүн, андан кийин байланышпаганын айтты.

Жапаров ар бир жаран өз укуктарын коргоо үчүн мамлекеттик органдарга кайрылууга укуктуу экенин белгилеп, экс-президент макамын берүү же алуу Жогорку Кеңештин ыйгарымындагы иш экенин билдирген:

“Ал Жогорку Кенештин өзүнүн иши. Экс макамын береби-жокпу, ал Жогорку Кеңештин мыйзамдуу укугу. Экс макамын алыш дагы, экс макамын бериш дагы Жогорку Кеңешке таандык. Мен көз карашымды айта албаймын. Жогорку Кеңеш өзү билсин. Биз бирөө жарымды бер же бербе деп айтпайбыз. Мыйзамдуу жагын карап көрүшсүн. Мыйзамдарды көзөмөлдөш Жогорку Кеңештин милдети”.

Ошондой эле мамлекет башчы Бакиев жана Атамбаевдин иштерин жана жагдайларын Акаевдикине салыштырып, алардыкы окшош эмес экенин белгиледи. Анын айтымында, Бакиев менен Атамбаевдин башкаруусунда адамдардын өлүмү менен коштолгон окуялар болгондуктан, аларга экс-президент макамын берүү туура эмес болуп калышы мүмкүн.

“Эми менин пикирим боюнча, Бакиев менен Атамбаев экөөнүн жагдайы Акаевдикинен айырмаланып турат. Акаев качканда адам өлүмү менен коштолгон эмес, кылмыш иши козголгон эмес, издөө жарыяланган эмес. Албетте, Аскар Акаевдин башкаруу мезгилинде чоң кемчиликтер кеткен. Катачылыктар болгон. Ошону менен биргеликте эле жаңы эгемендик алган мезгилдерде жетишкендиктери да болгон. Аны да айтып коюшубуз керек. Ал эми Бакиев менен Атамбаевдин иштеринде адамдардын өлүмү менен коштолгон жагдайлар болуп кетти. Ошондуктан аларга парламент экс макамын берсе туура эмес болуп калат го деп ойлойм. Албетте, бул менин жеке пикирим. Алардын кылмыш иштери да бар да” деди Садыр Жапаров.

Анын оюнча, 80 жаштагы Акаевдин өтүнүчү пенсия, күзөт жана башка кызыкчылыктан эмес, тарыхта экс-президент болуп калуу ниетинен улам келип чыккан болушу мүмкүн.

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев Жогорку Кеңешке экс-президент макамын калыбына келтирүүнү өтүнүп кат жибергени 5-сентябрда маалым болгон. Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрайымы Чолпон Султанбекова билдиришинче, Акаев кайрылуусунда бийликти өз эрки менен өткөрүп бергенин, андыктан экс-президент макамынан ажыратуу мыйзамсыз болгонун айткан.

Акаев Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган. 2005-жылы 24-мартта үй-бүлөлүк, авторитардык, коррупциялык бийликке каршы чыккан элдик толкундоонун арты менен бийликтен кулатылып, Москвага качып кеткен. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинде Акаев менен курамына Жогорку Кеңештин 5 депутаты кирген парламенттик комиссия сүйлөшүү жүргүзгөн. Ошондон кийин Акаев кызматтан кетүү жөнүндөгү арызын жазып берген. Арызды кийин Жогорку Кеңеш кабыл алган.

Ал эми Акаев экс-президент макамынан 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн декрети менен ажыратылган.

Ага 1992-жылы Кумтөр долбоору боюнча башкы макулдашууну түзүү, ага 1994-жылы өзгөртүү киргизүү жана 2003-жылы “Камеко” компаниясы менен башкы макулдашууну реструктуризациялоодогу коррупцияга байланыштуу айыптар тагылган.

Аскар Акаев 2022-жылы Кыргызстанга эки жолу келип, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) Кумтөр боюнча сурак берген. Башкы прокуратура кийин ага тагылган айыптардын баары мөөнөтү өткөндүктөн кыскартылганын билдирген.

2023-жылы президент Садыр Жапаров мурдагы президент Аскар Акаевдин өлкөгө келип сурак бергени, анын көрсөтмөлөрү Кумтөрдү Кыргызстанга алууда пайдалуу болгонун айткан.

Кыргызстандын мурдагы президенттеринин ичинен “экс-президент” деген расмий макам Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбековдо гана бар. Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев “экс” макамынан 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн декреттери, Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин 2019-жылдын 27-июндагы токтому менен ажыратылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты