Президент жакында камалган “Унаа” жетекчисине айына 2000 доллар кошумча акча төлөнүп турганын билдирди

  • 6 дней мурун

«Кабар» агенттигине берген маегинде президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы айдоочулук күбөлүктөрдү сатууга шектелип кармалган кызматкерлер боюнча пикирин билдирди.

“… ал жигитти чакырып «Сен өзүң таза болсоң, кол алдыңдагылар да таза болот, өзүң таза бол. Айлыгың жашооңо жетпей жатса, демөөрчүлүк фондумдан кошумча 2000 доллар материалдык жардам берип турайын» деп убадалашып, антын алып, ай сайын 2000 доллар жардам берип турчумун. Дароо айта кетейин: менин демөөрчүлүк фондум бюджеттик фонд эмес. Ошондуктан 40ка жакын жетекчиге материалдык жардам берип турам. Анткени эмгек акылары чындыгында аз” деди президент Жапаров.

“Система түзүп алышып, күбөлүк сата башташканы аныкталып калды. 40 миңден 80 миң сомго чейин баа коюп алышыптыр. Албетте, 100 пайыз күбөлүк сатылган эмес. 90 пайыз адам сынакты тапшырып эле алышкан. Болжол менен 10 пайызы сатылып кетип жатканын болжолдодук. 10 пайыз эмес, бир да айдоочулук күбөлүк сатылбаш керек” деп айтты мамлекет башчы “Кабарга” берген маегинде.

“Авариялардан жылына Кыргызстанда жүздөгөн адамдар каза болууда. Мисалы, былтыркы жылы өлкө боюнча дээрлик жети миңдей жол кырсыгы катталып, 783 адам каза болду. Согушта да мындай болбойт! Он миңден ашык адам жабыркаган. Анын бир нече миңи майып болуп калды.

“Эми “Унаага” жаңы жетекчи дайындайбыз. Ага деле жогоруда айтканымдай тапшырма жана талаптар коюлат. 40 районго автомектептерди ачкыла деп тапшырма коюп жатам” деп айтты Садыр Жапаров.  

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин (мурдагы «Унаа») директору Рустам Жокоев жана бир катар кызматкерди кармашты. 23-сентябрда мамлекеттик агенттиктин борбордук аппаратында директор, анын орун басары, айдоочу жана үч кызматкер кармалган.

Кармоо мамлекеттик агенттиктин чыгыш башкармалыгындагы экзамендерди өткөрүүгө байланыштуу экени айтылды.

Атайын кызматтын маалыматында, айдоочулук күбөлүк алуудагы экзамендерден жеңил өткөрүү үчүн тийиштүү кызматкерлер ортомчулар аркылуу пара алган. УКМКнын алдын ала эсебинде Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин бир эле филиалынан ай сайын 10 миллион сомдун тегерегинде мыйзамсыз акча жыйналган.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты