Президент тышкы саясат жана экономикадагы олуттуу милдеттерди белгиледи

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-октябрда, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында тышкы иштер министрлигинин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада дипломатиялык кызматтын кызматкерлерин куттуктады. Анда мамлекет башчы тышкы саясаттагы жана экономикадагы олуттуу милдеттерди белгиледи.  

Президент дипломатиялык кызматтын кызматкерлерин 80 жылдык майрамы менен куттуктап, тышкы саясат жана экономика жаатында олуттуу милдеттер тургандыгын айтты:

  1. Көп векторлуу тышкы саясат Кыргызстандын өзгөрүүсүз принциби бойдон калмакчы. Мындай шартта өлкөбүздүн тышкы саясий ишмердигинде борбордук орунду стратегиялык өнөктөштөр, Борбор Азиядагы жана Евразиядагы коңшу мамлекеттер ээлейт. Ынак коңшулук мамилелерди чыңдаш үчүн чек ара маселелерин чечүүгө өзгөчө көңүл буруп жатабыз. Биз Азия, Европа жана Америка өлкөлөрү, мусулман дүйнөсү менен мамилелерди өнүктүрөбүз, ошондой эле Африка, Латын Америкасы жана Океания мамлекеттери менен дипломатиялык байланыштарды жана кызматташууну уланта беребиз.
  2. БУУнун алкагында саясий диалогго жана кызматташууга өзгөчө көңүл буруудабыз.
  3. Кыргызстан Климаттын өзгөрүшүнө каршы глобалдык күрөштө күч-аракетин арттырып, климат жана тоо жаатындагы демилгелерди ишке ашыруу боюнча аракеттерди күчөтүүгө чакырат;
  4. Биздин тышкы саясий ишмердүүлүгүбүздүн маанилүү багыты – өлкөнүн транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга жана анын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылууга көмөктөшүү болушу керек.
  5. Экономикалык дипломатия жана инвестицияларды тартуу — өлкөбүздүн чет өлкөлөр менен болгон экономикалык мамилелеринин негизги милдеттеринен болуп саналат. Чет өлкөлөр менен түзүлгөн экономикалык мекемелер өлкөбүздүн кадыр-баркын арттырууда жана экономиканын стратегиялык тармактарына чет өлкөлүк тике инвестицияларды тартууга көмөктөшүүдө маанилүү ролду ойнойт.

 Акыркы жылдары биз бир нече чет өлкөлөргө мекемелерибизди ачтык. Чет өлкөлөрдөгү мындай дипломаттык байланыштарыбызды кеңейтүү иштери келечекте дагы улантыла берет.

6. Чет жерлердеги жарандарыбыз менен юридикалык жактарыбыздын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоого өзгөчө көңүл бурулушу керек. Чет жердеги мекендештерибиз менен тыгыз байланышта болуп, аларга керектүү колдоолорду көрсөтүү маанилүү, -деп айтты президент.

Президент тышкы саясат жана экономикадагы олуттуу милдеттерди белгиледи

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты