Президент Тыныбекованы куттуктады. Тыныбекова мелдештин алдында бутунан жаракат алганын айтты

  • 1 месяц мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-августта, телефон аркылуу сүйлөшүүдө улуттук курама команданын мүчөсү Айсулуу Тыныбекованы Париж шаарында өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыз-келиндер күрөшүнөн коло медаль утушу менен куттуктады.

Мамлекет башчы спортчуга жетишкен ийгиликтери үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип, анын кыргыз спортун жана өзгөчө кыз-келиндер күрөшүн өнүктүрүүгө кошкон салымын белгиледи.

“Сизди, биз — жалпы кыргыз эли, кандай болгон күндө дагы, куттуктоого милдеттүүбүз. Биз сиз менен сиздин жетишкендиктериңиз менен сыймыктанабыз. Себеби сиз эгемендик жылдарында эркин күрөштү, айрыкча, кыздар арасындагы күрөштү жандандыруунун, улантуунун, өнүктүрүүнүн сап башында турдуңуз, канчалаган кыргыз кыздарынын кумири болдуңуз. Эл аралык деңгээлде далай-далай ийгиликтерди жаратып, тирүү легендага айландыңыз” деди президент. 

Өз кезегинде Айсулуу Тыныбекова мамлекет башчысына жана Кыргызстан элине жылуу сөздөрү жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди жана мелдештин алдында эле бутунан жаракат алганын айтты.  

“Бир бутум менен эле күрөшүп калдым, өткөндө эле бутумдун “шинасын” чечкенбиз, «связка» үзүлүп кеткен, Олимпиадага барбай каламбы деген ой болуп жаткан. Ошол абалда коло медалды алдым, сүйүнүп жатам. Толкунданып, эки күн болду уктай элегиме” деди Айсулуу Тыныбекова.   

11-августта кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова коло медаль үчүн монгол спортчу Оркхон Пуревдорж менен беттешти. Айсулуу акыркы секунддарда төрт упайды бир алып, 6:6 упай менен жеңишти камсыздап, коло медалды жеңип алды.

Сүрөт: Видеодон алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты