Президент тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата кайрылуу жасады
- 3 года мурун
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-ноябрда, тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.
Кайрылууда мындай деп айтылат:
-Эчен кылымдарды карыткан элибиз көкүрөгүнө эгемен эл болуу, эркин мамлекет куруу ой-мүдөөсүн бекем уютуп, бул асыл максаттарга жетүү үчүн тарыхтын нечендеген бороон-чапкындарына буюгуп, бирок буйдалып калбай, улуу дөөлөт курууга чейин жетишип, татаал сыноолорду башынан кечиргенин ошол карт тарыхтын өзү күбөлөйт, өзү тастыктайт, -деди мамлекет башчы.
Андан ары тарыхта из калтырган окуяларга токтолду:
-Улут катары калыптанып, мамлекеттүүлүгүбүздүн түптөлүшүндө жаратман инсандардын эмгеги менен тарыхка өчпөс из калтырган окуялардын орду чоӊ.
Алардын бири соӊку жаӊы тарыхта болуп өткөн 1916-жылдагы улуттук-боштондук үчүн күрөш жана 1917-жылдын 7-ноябрындагы Улуу Октябрь социалисттик революциясы Кыргыз мамлекетинин кайра жаралуусуна шарт түзгөн терең мааниге ээ окуялар.
Ата-бабаларыбыздан калган бай тарых, баа жеткис мурас бизге чоң жоопкерчиликти жүктөйт. Азаттык идеясын бекем карманып, көз карандысыздыгын ар дайым бекем коргоону ураан кылып келген ата-бабаларыбыз баскан бараандуу жолду барктап, бизге тартуу кылган керемет жерди, нускалуу элди көздүн карегиндей сактап, анын бир чымчым жерин кемитпей, бир үзүм нарк-насилин бузбай кийинки муунга өткөрүп берүү биздин ыйык парзыбыз, -деп белгиледи мамлекет башчы.