Президент социалдык коргоо жана кесиптик бирликтер кызматкерлерин куттуктады
- 3 дня мурун
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-октябрда, өлкөнүн социалдык коргоо жана кесиптик бирликтер кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
“Быйыл аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык келишимдин негизинде кошумча колдоо көрсөтүү максатында долбоордун катышуучуларына 200 миң сомдон пайызсыз насыя берүү башталды.
Ата-энесинин камкордугусуз калган ар бир балага 18 жашка толгондо 500 000 сомдон кем эмес суммадагы “Келечекке салым” мамлекеттик балдар депозити киргизилди.
Акыркы үч жылда пенсия олуттуу түрдө жогорулоодо. Быйыл пенсия 2 этап менен жогорулап, пенсиянын орточо өлчөмү дээрлик 2 эсеге өстү”.
Урматтуу социалдык чөйрөнүн жана кесиптик бирликтер кызматкерлери!
Сиздердин ажат ачкан эмгегиңиздер коомчулук тарабынан дайыма жогору бааланып, урмат-сыйга ээ боло беришиңиздерге тилектешмин” деп айтылат куттуктоодо.
Сүрөттө: Бишкек шаарынын социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлери. bishkek.gov.kg