Президент Садыр Жапаров Жоламан Шаршенбековду куттуктады

  • 1 месяц мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-августта, телефон аркылуу сүйлөшүүдө улуттук курама команданын мүчөсү, грек-рим стилиндеги балбан Жоламан Шаршенбековду ушул күндөрү Париж шаарында өтүп жаткан Олимпиада оюндарында коло медаль утушу менен куттуктады.

Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат берилди.

Мамлекет башчы Жоламан Шаршенбековго мындан аркы ийгиликтерди каалап, Кыргызстандын атынан дүйнөлүк аренада чыккан ар бир спортчу мыкты оюн көрсөткөн мелдештери менен канчалаган жаш муунду шыктандырып, алардын келечектен көптү күткөн үмүттөрүн жандандыраарын белгилей кетти.

Президент Садыр Жапаров кыргыз эли өз баатырынын Ата Мекенине кайтып келишин чыдамсыздык менен күтүп жатканын, аны татыктуу сыйлыгы менен жеке куттуктай турганын кошумчалады.

Жоламан Шаршенбеков президентке жана жалпы Кыргызстан элине колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, бул анын жаңы жеңиштерине дем-күч берээрин айтты.

Париждеги Олимпиада оюндарында Жоламан Шаршенбеков 6-августта коло медаль алды. Ал 3:1 эсебинде ирандык атаандашы Мехди Мохсеннежадды жеңди.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты