Президент Орусияга КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына барат
- 10 часов мурун
Президент Садыр Жапаров 7-8-октябрда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Орусияга барат.
Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
8-октябрда Орусияда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт.
Анда Шериктештикке мүчө мамлекеттердин соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгын кеңейтүүгө жана чыңдоого багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынат.
КМШнын бул саммитине Шериктештиктин мамлекет башчыларынын катышуусу күтүлүүдө.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү