Президент орто мектеп мугалимдери ноутбук менен камсыздалышы кажет экенин билдирди

  • 2 месяца мурун

“Өлкөбүздүн орто мектептеринин бардык мугалимдери ноутбук менен камсыздалышы кажет”. Бул тууралуу Садыр Жапаров билим берүүнү санариптештирүү маселеси талкууланган кеңешмеде тапшырма берди. 

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева акыркы 3 айдын ичинде мугалимдерди ноутбук менен камсыздоо боюнча жасалган иш-аракеттер тууралуу маалымат берди. Ал быйыл Кыргызстандын билим берүү тармагына 100 жыл толуп, биринчи жолу технологияга инвестиция тартууга чоң көңүл бурулуп жатканын баса белгиледи.

Биринчи этапта STEM предметтери: математика, физика, химия, биология, информатика боюнча 24 миң 431 мугалим ноутбуктар менен камсыздалат. Бул максаттарга мамлекеттик бюджеттен 600 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Жылдын аягына чейин мугалимдердин 50%ы, 2025-окуу жылында 100%ы ноутбук менен камсыздалат.

Маалыматты уккандан кийин Садыр Жапаров жалпы билим берүүчү мектептердин мугалимдерин ноутбук менен камсыз кылуу тапшырмасын берип, технологиялардын доорунда кагаз менен карандаштан баш тартуу мезгили келип жеткенин баса белгиледи.

Аларды чогултуу боюнча «Кыргызиндустрия» мекемеси менен келишим түзүлдү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты