Президент Нью-Йоркко жөнөп кетти  

  • 1 месяц мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-сентябрда, Нью-Йорк шаарына, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясынын 79-сессиясынын жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышуу үчүн жөнөп кетти.

Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.

Анда айтылгандай, мамлекет башчы Келечек саммитинин ишине катышып, БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөйт. Буга чейин БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жана бир катар эки тараптуу жолугушуулар өтөрү маалымдалган.

Расмий делегациянын курамында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев,
Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бактыбек Аманбаев,
президенттин администрациянын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги Бакыт Сыдыков,
Кыргызстандан Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорк шаарындагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева бар.

Сүрөт: БУУ имараты. Shutterstock

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты