Президент Нью-Йорк шаарына иш сапары менен барат

  • 1 месяц мурун

Президент Садыр Жапаров 21-24-сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясынын 79-сессиясынын жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышуу үчүн иш сапары менен Нью-Йорк шаарына барат.
 
Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

«22-сентябрда мамлекет башчы Келечек саммитинин ишине катышат, анын алкагында «Келечек пактынын» жыйынтыктоочу документи кабыл алынат. 24-сентябрда Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарынын биринчи күнүндө сөз сүйлөйт Мындан тышкары БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш жана башка бир катар эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлөт» деп билдирди.

Сүрөт: БУУ имараты. Shutterstock

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты