Президент мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга барат

  • 2 месяца мурун

Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевдин чакыруусу менен 18-19-июлда мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга барат.

Бул тууралуу мамлекет башчынын сайтында маалымат берилди.

Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев мындай деп билдирди:

“Сапардын алкагында Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Тараптар өз ара кызыкчылыктын бардык багыттары боюнча эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле кыргыз-өзбек мамилелерин өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашат.

Сапардын алкагында мамлекет башчысы Өзбекстандагы Кыргызстандын маданият күндөрүнүн расмий ачылыш аземине катышат. Ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекет башчыларынын катышуусунда ишке ашырылып жаткан эки тараптуу долбоорлорду онлайн ишке киргизүү/ачуу аземи өтөт.

Мындан тышкары, бул сапарга карата кыргыз-өзбек бизнес-форуму жана эки мамлекеттин жогорку окуу жайларынын ректорлорунун форуму сыяктуу бир катар иш-чаралар болот» деп белгиледи.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты