Президент Кеминде клинкер өндүрүүчү заводдун ачылышына катышты

  • 2 недели мурун

Бүгүн, 30-августта Садыр Жапаров Чүй облусунун Кемин районундагы «Терек-Таш» клинкер (ред. курулуш материалы) өндүрүүчү заводунун ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Терек-Таш» заводунда жылына 1,2 млн. тонна клинкер жана 1,7 млн тонна цемент өндүрүлөрү күтүлүүдө . Ишкана толук ишке киргенде 500 адам жумуш менен камсыз болору айтылды. «Терек-Таш» заводун салууга инвестициянын көлөмү 160 млн долларды түзгөн.

Ошондой эле бүгүн өлкө башчы онлайн түрдө Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгын майрамдоонун алкагында 40 өнөр жай жана 60 социалдык объектинин ачылышына катышкан.

“Терек-Таш” цемент чыгаруучу заводдун ачылышы менен катар эле Кадамжайда “Исфайрам-1”, Ноокатта “Курак-Тектир” чакан ГЭСтери, Ат-Башыда “Кара-Булак” соода-логистикалык аймагы, эт комбинаты, Нарында “Миң-Булак” курулуш материалдар ишканасы, Жайылда “Жунда” мунай заводу, Кара-Балтада алтын куймаларын чыгаруу заводу, Сузакта мунайды кайра иштетүүчү завод, Чаткалда алтын иргөөчү фабриканын жана башка ушуга окшогон бир катар өндүрүш ишканалардын бир учурда ачылышына күбө болобуз. Ошондой эле жаңы мектептерди, мектептерге кошумча имараттарды, бала бакчаларды, спорт залдарды расмий ачып, келечек ээлери болгон балдарыбызды кубандырганы турабыз”,-деген президент ачылышта сүйлөгөн сөзүндө.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты