Президент Казакстанга жөнөп кетти

  • 2 месяца мурун

Садыр Жапаров бүгүн, 3-июлда, Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Казакстанга жөнөп кетти.

4-июлда өтө турган ШКУ жыйынында катышуучу өлкөлөрдүн лидерлери уюмдун форматында көп тараптуу жана көп вектордуу кызматташуунун маанилүү маселелерин, ошондой эле регионалдык жана эл аралык саясатты талкуулашат.

Мындан тышкары Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин жана Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Расмий делегациянын курамындагылар:

— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

— Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

— Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дүйшекеев;

— Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев;

— тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси, Кыргызстандан ШКУнун улуттук координатору Казыбек Көчкөнов.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты