Президент Италия жана Ватиканга жөнөп кетти

  • 3 дня мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-октябрда, расмий сапар менен Италия Республикасына жана Ыйык Тактыга (Ватикан) жөнөп кетти. 

Бул тууралуу президенттин сайтында жазылды.

Расмий сапардын жүрүшүндө жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сүйлөшүүлөр күтүлүүдө, алардын жүрүшүндө кыргыз-италиялык өз ара мамилелердин бүтүндөй комплекси жана аларды өнүктүрүүнүн келечеги талкууланат. 

Делегация курамында  тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев,  — Кыргызстандын Италиядагы элчиси Таалай Базарбаев, башкы прокурор Максат Асаналиев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, юстиция министри Аяз Баетов,  президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев, президентке караштуу инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев. 

Буга чейин 3-октябрда президент Садыр Жапаровдун Италиянын президенти Серджо Маттарелла, Министрлер кеңешинин төрагасы Жорж Мелони, депутаттар палатасынын төрагасы Лоренцо Фонтана жана Сенат төрагасы Иньяцио Ла Русса менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү, 4-октябрда Садыр Жапаровдун Рим Папасы Франциск менен жолугушуусу болору маалымдалган.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты