«Президент деле эстелик тургузган эмес». Садыр Жапаров көрүстөндөр маселеси тууралуу

  • 2 месяца мурун

Садыр Жапаров бүгүн, 17-июлда “Кабар” агенттигине берген маегинде көрүстөндөр маселеси боюнча да суроолорго жооп берди.  

“Биринчиден, шарият боюнча мусулман баласынын көрүстөнүнүн үстүнө баалуу таштарды чектирип сүрөт коюуга, темирден тосмо тосууга, цемент-бетон колдонууга тыюу салынат. Мындай жөрөлгө маркумга эч кандай жардам бере албайт. Тескерисинче, отко бышкан материалдарды колдонуп, мүрзөсүнүн үстүн бастырып салганы үчүн маркумдун арбагы кыйналат деп айтылат.

Экинчиден, биздин өлкөнүн 94 пайызын тоолор ээлейт. Түз жерлерибиз болгону 6 пайызды түзөт. Ушул 6 пайыз түз жерлердин ичинде айылдарыбыз менен шаарларыбыз да жайгашкан” деди Садыр Жапаров.  

Ошондуктан шариат боюнча кайсы көрүстөн болбосун, акыркы сөөк коюлуп, ал көрүстөн жабылгандан соң 25 жылдан кийин ал көрүстөндүн үстүн колдоно берсе болот деген чечим бар экенин, Жогорку Кеңеш кабыл алган тийиштүү мыйзамдарда дагы мындай ченем белгиленгенин билдирди.

«Кээ бир жарандарыбыз: “Биз эстелик тургузбай койсок, айылдаштарыбыз эмне дешет? Ата-энесине эстелик тургуза албай койду деп кеп кылышат да” дейт. Кеп кылса, “президент деле эстелик тургузган эмес, эмне болуптур” деп менин жогоруда айтканымды мисал кылгыла».

«Мен күнүгө эртең менен жалпы арбактарга багыштап куран окуп турам. Ошол жетиштүү. Багыштап куран окуу арбактар үчүн эстеликтен миллион эсе пайдалуу жана сооптуу» деди Садыр Жапаров.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты