Президент дааватка тыюу салынбай турганын жана муфтияттын позициясын бекемдөө зарыл экендигин билдирди

  • 6 дней мурун

Президент Садыр Жапаров муфтият менен аалымдар кеңешинин позициясын бекемдөө үчүн “Кыргыз республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун жаңы редакцияда иштеп чыгуу зарылдыгын айтты. Ошондой эле өлкөдө даават жоюлбай турганын кошумчалады.

Ал бул тууралуу диний ишмерлер менен өткөн жыйында билдирди. Жыйын бүгүн, 8-ноябрда “Кыргыз республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоо үчүн өттү.

Жыйында өлкө башчы аталган мыйзамга кошумча түзөтүүлөр киргизилип жатканын, буга чейин дин аалымдары менен бир нече жолу чогулуп, пикир алмашуу болгонун айткан. Ошондой эле ал бул жыйында мыйзамды дагы бир ирет карап, Жогорку Кеңешке жиберүүнү сунуштаган.

Президент мындан эки ай мурун Дин иштери боюнча комиссия бул мыйзам долбооруна түзөтүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган демилгеси сын-пикирлер менен коштолгонун, радикалдуу пикирлер да болгонун айткан.

Ошондой эле Садыр Жапаров Кыргызстан светтик мамлекет болгондон кийин дин иштерине кийлигишпей турганын, ал эми диний ишмерлер болсо мамлекеттин ишине кийлигишпей турганын айткан.

Мамлекет башчысы 2010-жылдан 2020-жылга чейин мамлекеттик бийликтин башкаруу тармагында да “улак тартыш” болуп келгенин, анын кесепетинен мамлекетибиз чачырап кете жаздаганын эске салды. Ал 2020-жылы Баш мыйзамдан баштап бардык мыйзамдарды оңдоп-түздөө иштери башталганын, анын натыйжасында тартип орноп, мамлекет өнүгүү жолуна түшкөнүн белгилей кетти.

«Президент ошондой эле жол менен муфтият менен аалымдар кеңешинин позициясын бекемдөө үчүн “Кыргыз республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун жаңы редакцияда иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи. Ал мамлекеттик реформалар сыяктуу эле, мыйзам долбоорунун жаңы редакциясы өлкөнүн бардык конфессияларында тартипти орнотууга, анын ичинде мусулмандар арасында ынтымакты камсыздоого мүмкүндүк берет»,- деп айтылат маалыматта.

Мамлекет башчы динге жамынып алып, тескери кеткендерди муфтият тарбиялап, даават айтуу менен оң жолго салышы керектигин айтып, даават жоюлбай тургандыгын кошумчалаган.

«Диний ишмерлер өз кезегинде долбоор акыркы эки айдан бери бир нече жолу талкууланганын жана алардын сунуштары жеткире иштеп чыгуу учурунда эске алынганын белгилешти»,- деп айтылды билдирүүдө.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты