Президент Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышат

  • 1 неделя мурун

Президент Садыр Жапаров 8-сентябрда Астана шаарына Бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн иш сапары менен барат.

Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Кезектеги оюндар Казакстандын борборунда 9-12-сентябрь аралыгында өтөт. Иш-чарага 80ден ашуун өлкөдөн 3000ден ашык спортчу катышат. Кыргызстандан 183 спортчу катышат.

6-сентябрда Кыргызстандын улуттук курама командасын V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына узатуу аземи болуп өтүп, ага Акылбек Жапаров катышты.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты