Президент Азербайжанга жөнөп кетти
- 3 дня мурун
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-ноябрда, Эр-Риядга (Сауд Аравия падышалыгы) жасаган иш сапарын аяктап, Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүүсү боюнча алкактык конвенциясынын тараптарынын 29-конференциясына катышуу үчүн Азербайжанга жөнөп кетти.
Баку шаарында 12-ноябрда мамлекет башчы климаттык саммиттин ачылыш аземине катышып, конференциянын пленардык сессиясында сөз сүйлөйт.
Баку шаарында 12-ноябрда мамлекет башчы климаттык саммиттин ачылыш аземине катышып, конференциянын пленардык сессиясында сөз сүйлөйт.
Расмий делегациянын курамында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев, Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Максат Мамытканов, — жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев, президенттин 2023-2027-жылдарга тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова бар.
Сүрөт: Интернет булактарынан